• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президенттин басма сөз катчысы: Гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок

25 Тогуздун айы 202414:22 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин бүгүн парламенттеги иш-чара жүрүшүндө: “Гимнди кабыл алганда Советтер Союзунан чыккан убак болгон. Азыр биз бутуна толук турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошол үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек”,- деген билдирүүсүн Спикердин жеке пикири катары гана кабыл алуу керек деп эсептейбиз. Анткен менен бул пикир коомчулукта, социалдык тармакта азыр эле кызуу талкууга жол ачты. Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек. Бул болсо бир топ убакытты алат. Андыктан азыр гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок», — дейт катчы.

Ал белгилегендей, көпчүлүк эл колдобосо азыркы гимнибизди өзгөртүүгө деле зарылдык болбойт.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимнди да өзгөртүү керек деп эсептей турганын айткан.

Количество просмотров: 247