• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нурланбек Шакиев: Биз гимнди өзгөртөбүз

25 Тогуздун айы 202412:14 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимнди да өзгөртүү керек деп эсептейт. Бул тууралуу 25-октябрда парламентте Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып айтты.

Анын айтымында, гимндин сөздөрү азыркы учурга ылайык келбейт жана аны ырдоо кыйын, мындан улам ал 5 жаштан 95 жашка чейин оңой ырдала турган гимн керек.

«Биз гимнди кабыл алганда Советтер союзунун убагынан чыккан маал болгон. Азыр толук бутуна турган кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошону үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек», — деди Шакиев.

Количество просмотров: 278