• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Галина Байтерек инаугурация күнү артиллерия колдонуу маселеси боюнча маалымат берди

23 Үчтүн айы 2021 16:35 Бишкек Govori.TV

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек жаңы шайланган мамлекет башчысынын кызматка киришүү аземинде артиллериялык аскер техникасын колдонуу маселесине комментарий берди.

Галина Байтеректин 23-январда жарыяланган билдирүүсүндө “Баарыңыздарга белгилүү болгондой, инаугурация аземи мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара. Президенттик кызматка киришүү менен ал өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болот. Андыктан артиллериялык аскер техникасын колдонуу – аталган иш-чаранын белгилеринин бири жана кеңири таралган тажрыйба. Артиллериялык түзүмдөр, кандай болгон күндө дагы, күндөлүк режимде аскердик даярдык деңгээлин кармоого тартылгандыктан, ашыкча чыгымдарды талап кылбастыгын баса белгилей кетүү керек. Аскерлерди даярдоо планына ылайык, артиллериячылар аскер даярдыгы боюнча пландык машыгууларды өткөрөт. Андан улам бул учурда кошумча эч кандай чыгымдар болбойт”, — деп белгиленди.

Буга чейин «Шаар парктары» ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева Бишкектин Октябрь райондук акимчилигине 25-январда Дайыр Асанов атындагы паркка артиллериялык аскердик техника кирери тууралуу жазылган каттын сүрөтүн жарыялап, бул маалымат интернеттеги социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан.

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт.

Количество просмотров: 307