• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Президенттин басма сөз катчысы: Кыргызстанда азык-түлүк жана күйүүчү май жетиштүү

7 Үчтүн айы 202217:00 Бишкек Govori.TV

Казак тараптын демилгеси менен өткөрмө пункттардын жабылышына байланыштуу кооптонууларга келсек, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында социалдык маанилүү азык-түлүктүн жана күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү кору бар экенин белгилейбиз. Бул тууралуу президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

«Биз жарандарды азык-түлүктүн мүмкүн болгон жетишсиздигинен же баанын кескин жогорулашынан коркпоого чакырабыз. Эки өлкөнүн дипломатиялык ведомстволору мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги жеке өткөрүү пункттарынын ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча эки тараптан тең иш алып барууда. Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын толук турукташуусу соода-экономикалык мамилелерди толук кандуу нормалдаштырууга негиз болот”, — деди президентинин басма сөз катчысы

Количество просмотров: 322