• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Президенттин басма сөз катчысы: Орозо айтта мал союуга тыюу салынды делген аудиотасма жалган

27 Чын куран 2022 15:48 Бишкек Govori.TV

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Орозо айтты майрамдоого байланыштуу тарап жаткан аудиотасмага байланыштуу комментарий берди.

Анын айтуусуна караганда, мессенжерлерде жана социалдык тармактарда Орозо айтты майрамдоого, бул күнү мал союуга бийлик тарабынан тыюу салынды делген аудиотасма тарап жатат.

«Бул аудиожазуу чагымчыл экенин жана чындыкка дал келбестигин билдирем. Коомчулукту адаштырбоону өтүнөбүз жана өлкөнүн тийиштүү мыйзамдарына ылайык жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчилик бар экенин эске салабыз», — деди Султанбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-май күнү Орозо айт майрамы белгиленет.

Количество просмотров: 1592