• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Султанбаев: «Мегаком» боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок

4 Теке 2023 16:13 Бишкек Govori.TV

«Альфа Телеком» (Mega) ЖАК боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат. Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө», – деди ал.

Количество просмотров: 68