• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз». Султанбаев АКШ Конгрессинин «Азаттык» боюнча кайрылуусуна жооп берди

3 Бугу 2023 11:20 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун басма катчысы Эрбол Султанбаев АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын жана Мамлекеттик департаменттин «Азаттык» боюнча кайрылуусу боюнча билдирүү жазды.

Султанбаев өз билдирүүсүн фейсбук баракчасына жарыялап, «алар алыскы жакта болгондуктанбы, бул жактагы жагдайды жеринен толук билбей, так түшүнбөй билдирүү жасаганы көрүнүп турат», — деген пикирин жазган.

«Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык» чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган.
Андан соң аталган министрлик сот органдарына кайрылган. Сот органдары териштирүүлөрдүн жүрүшүндө тийешелүү чечим кабыл алышкан. Сот бийлиги бизде көз карандысыз, чечимди өз алдынча кабыл алат. Алардын ишине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок.
Кыргызстан — ачык-айкын, эркин өлкө. Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук кандуу пайдаланышат. Ошондой эле бардык уюмдар дагы ушундай укуктарга ээ.
Бир гана шарт, өз ишмердигин мыйзамдарды так сактоо менен алып барышы зарыл.
Андыктан аталган билдирүүлөр орунсуз жана негизсиз деп эсептейбиз жана биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз», — дейт басма сөз катчы.

Буга чейин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккол кыргыз бийлигинин «Азаттык» радиосунун ишмердигин токтотуу аракетине байланыштуу билдирүү тараткан.

«Мен кыргыз өкмөтүнүн эркин жана көз карандысыз маалымат каражаттарына жасаган одоно чабуулун, алардын «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын ишин токтотуу аракетин айыптайм. “Азаттык” радиосу Кыргызстандын Конституциясы эркин басма сөз укугуна кепилдик берген жарандарга калыс жана көз карандысыз маалымат жеткирет. Эркин маалымат каражаттарын цензуралоо мүмкүн эмес жана Конституцияга каршы келет. Кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосун жабуу чечимин тезинен жокко чыгарып, “Азаттыктын” ишмердигине коюлган бардык чектөөлөрдү алып салууга чакырам”, — деди ал.

Эске салсак, 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медианын» үстүнөн жазган доо арызында эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген. Министрлик январь айында сотко кайрылып, “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын жүйө катары келтирген.

Количество просмотров: 57