• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Президенттин маалымат катчысы Султанбаев элчи болду

31 Тогуздун айы 2023 17:41 Бишкек Govori.TV

Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Белорусиядагы Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Султанбаев Эрбол Абдыкадырович Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Мунун алдында Эрмек Ибраимов Кыргызстандын Белорусиядагы элчиси кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 102