• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Президенттин басма сөз катчысы Султанбаевдин кандай мүлкү бар?

9 Үчтүн айы 2023 11:30 Бишкек Govori.TV

Салык кызматы президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин мүлкү тууралуу маалыматты жарыялады. Ал 2021-жылга карата киреше-чыгашасын жана байлыгын көрсөтүп декларация тапшырган.

Документке ылайык, Султанбаев бир жылда 761 миң 967 сом киреше тапкан, ал эми чыгашасы тууралуу маалымат жок. «Lexus GX470» жана «Toyota Camry» үлгүсүндөгү унаалары бар. Башка мүлкү тууралуу маалымат жок.

Жакын туугандары 350 миң 281 сом киреше тапкан, алардын чыгашасы көрсөтүлгөн эмес.

Количество просмотров: 406