• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президенттин басма сөз катчысы жалган маалыматтарды таратпоого чакырды

7 Жалган куран 2022 9:14 Бишкек Govori.TV

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп турганда жалган маалыматтарды таратпоого чакырды.

«Урматтуу кыргызстандыктар жана ММКнын өкүлдөрү! Сиздерден сураныч. Дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп турганда жалган маалыматтарды таратпаңыздар. «Интернеттен алдык» деп эле жалган маалыматтарды жеке менчик телевидениеден таратып, мамлекеттер аралык кастыкты козутуудан алыс болсоңуздар. Анан мыйзам чегинде териштире баштаса «сөз эркиндигин ооздуктап жатат» деп айтып чыгасыздар.Сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет. Эч ким сөз эркиндигин чектеген жок. Ошол эле маалда сөз эркиндигине жамынып алып жалган маалыматтарды жеке телевидение жана башка маалымат булактарынан таратууга жол берилбесин эстен чыгарбоо маанилүү. Кыргызстан жөнүндө кандайдыр бир күмөн жараткан маалымат таратаардан мурда расмий булактарга кайрылсаңыздар, ал жактан жооп ала аласыздар», — деп билдирди Эрбол Султанбаев.

Эске салсак, Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-марттагы чечими менен эки айга камалды.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды тараткан деп жүйө келтирип, Улуттар аралык кастыкты козутту” деген берене менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Количество просмотров: 132