• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Президенттин басма сөз кызматы айрым жарандардын чек ара окуясына байланыштуу Эл аралык сотко кайрылуу демилгеси жөнүндө

16 Кулжа 20219:44 Бишкек Govori.TV

Президенттин басма сөз кызматы Кыргызстандын айрым жарандарынын ушул жылдын 28-30-апрелиндеги мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяларга байланыштуу Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу демилгеси боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелеринин бардыгы саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечилип жатат.

Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар өз ишин улантууда. Алар эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени чечүүнүн эң алгылыктуу жолдорун издеп жатат.

Азыркы учурда чек аралардын маселелери тынчтык жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле баштаганда, айрым күчтөр кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн.

Чек ара маселелери өтө салмакталган мамилени талап кылууда жана бул жагдайда мындай демилгелер маселенин саясий-дипломатиялык жол менен чечилишине залакасын тийгизиши мүмкүн.

Количество просмотров: 85