• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Президенттин басма сөз кызматы: «Жапаров катышат» деп иш-чарага чакырып, акча талап кылгандар көбөйдү

3 Бирдин айы 2022 9:29 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчысы катышат делип иш-чарага чакырып көз боёмочулук жана акча талап кылган учурлар көбөйдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, акыркы убакта ар кандай кызматтык адамдардын атын жамынып, шылуундар жарандарга телефон чалып, КР Президентинин  катышуусунда делген иш-чараларга чакырып жатышат. Андан ары ишенимге кирип, алдоо жолу менен  акча талап кылышат.

«Жарандарды сак болуп, шылуундардын мындай аракеттерине алдырбоону жана мындай көрүнүштөргө туш болгондо укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 126