• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президенттин Иш башкармалыгы 60 млн сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендер боюнча түшүндүрмө берди

12 Баш оона 2021 11:50 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы Автотранспорт бирикмеси тарабынан 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендер боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу билдирүү президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Бул автоунааларды сатып алуу материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жакшыртуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрация башчыларынын (акимдердин) ишинин ыкчамдуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

Райондордун акимдери үчүн кызматтык унаалар акыркы жолу 13-15 жыл мурун сатылып алынганын белгилеп кетүү зарыл. Алар моралдык жана техникалык жактан эскилиги жеткенине көп жыл болду. Бүгүнкү күндө алардын көпчүлүгү дайыма оңдоп турууну жана республикалык бюджеттен чыгымдарды талап кылууда.

Бийликтин вертикалын чыңдоо, акимдердин статусун жогорулатуу максатында автопаркты жаңылоо чечими кабыл алынды.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгына ылайык, облустарда акимдерди масштабдуу ротациялоо иши жүргүзүлгөн.

Аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана жакшыртуу иштери кайра дайындалган акимдердин эффективдүү иштөөсү үчүн шарттарды түзүп берүүгө карай багытталган.

Количество просмотров: 1284