• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президенттин кайрылуусу эмнеге өчүрүлгөндүгү айтылды

10 Теке 2020 13:20 Бишкек Govori.TV

Президенттин басма сөз кызматы 10-июлда Сооронбай Жээнбековдун YouTube каналына жарыялангандан кийин өчүрүлүп, кайра жүктөлгөн видеосу тууралуу комментарий бергенин жергиликтүү басылмалар жазды.

Президенттин пресс-кызматынын маалыматы боюнча, Youtube каналына жүктөлгөн видеонун астына билдирүүлөрдун көпчүлүгү фейк аккаунттардан жазылган. 

«Видео кайрылуу алдындагы туура эмес жазылган билдирүүлөрдүн көп байкалгандыгына байланыштуу өчүрүлдү. Аны менен катар билдирүүлөрдүн басымдуу бөлүгү аймак аралык кастыкты козутууга багытталган. Ошондой эле жарандын ар-намысына шек келтирилген. Билдирүү калтыргандардын көбү өз аты менен кирген эмес, ошондуктан видеону өчүрүп, кайра билдирүү функциясын өчүрүп туруп жүктөөгө туура келди»,-деп айтылат маалыматта.

9-июлда өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун өлкөдөгү коронавирус эпидемиясына байланыштуу кайрылуусу жарыяланган. Видеонун алдындагы like белгисине караганда dislike көбөйүп, бир нече саат аралыгында жактырган белгилер 300дөн, ал эми жактырбаган белгилер 4 миңден ашканда видео сайттан алынган.

Бир аздан кийин видео комментарий калтыруу жагы өчүрүлүп, кайра жүктөлгөн болчу.

Количество просмотров: 1493