• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президенттин кудасы «Мегакомго» бөлүм башчы болуудан баш тартты

20 Жетинин айы 2018 21:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.11.2018.Govori.TV.
Ихтияр Абжалиев кызматтан өз арызы менен баш тартканы тууралуу «Азаттык» ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты.
Буга чейин бул басылма «Мегаком» деген соода маркасы катары белгилүү «Альфа-Телеком» акционердик коомунун логистика бөлүмүнүн башчысы болуп Ихтияр Абжалиев, 20-ноябрда дайындалганы тууралуу маалымат жарыялаган.
Анда Ихтияр Абжалиев, Жогорку Кеңештеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир тууган агасы экени айтылган.
Алиярбек Абжалиевдин айтымында, бир тууганы бажы кызматынын полковниги, экономист. Буга чейин бул тармакта көп жыл иштеген. Депутат агасы эч кандай тааныш-билиши жок, резюмесин жөнөтүп, мыйзамдуу түрдө ишке орношконун айткан эле.
Количество просмотров: 34