Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.
Бүгүн шаардык кеңеш «Өлбөс полк» учурунда Президентти сүрөткө жана видеого тартууга чектөө киргизип ал эми дронго тыюу салынып, эгер асманга көтөрүлө турган болсо, атып түшүрүлө турганы тууралуу маалымат тараган. Бул маалымат көп өтпөй социалдык тармакта катуу талкууга түштү.
Эксперт Азамат Тынаев мындай чечимди түп тамырынан туура эмес деп эсептээрин айтып: «Биз үчүн баардык ЖМКлар бирдей болгондуктан, иш-чарада Президент КТРКдан башка телеканалдарды видео, сүрөткө тартуусуна тыюу салганы бир эле каналдын артыкчылыгын көрсөтүү катары кабыл алса болот”,- деген пикирин кошумчалады.
Ал эми журналист Махинур Ниязова Президент Жээнбековду эмне себептен тартууга болбой турганына сурап, башка өлкөлөрдүн ажолорунун жасалган сүрөттөрүндөй кылып бизге да фотошоп кылынган сүрөттөрдү береби деп кызыкты.
Ал эми Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева иш-чарада өлкө башчысын анын жеке фото сүрөтчүсү жана оператору тартаарын айтып, ал эми Коомдук телерадиоберүү корпорациясы түз алып көрсөтөрүн белгиледи.
Мындан улам, бул кадам коомчулукта катуу талкууга түшүп, айрымдары Президенттин өмүрүнө коркунуч барбы? деген пикирлерди айтышууда.
Эске салсак, Өзбекстанда дрон колдонууга тыюу салынып, а түгүл дрондун ээлери кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганы айтылган.