• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Президенттин маалымат катчысы «Ачык саясат» гезитин сотко берет

16 Жалган куран 2021 17:21 Бишкек Govori.TV

Өлкө башчысынын маалымат катчысы Галина Байтерек «Ачык саясат» гезитин сотко берээрин билдирген. Бул тууралуу журналист Назгүл Мамытова өздүк баракчасына жазды.

«Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек, «Ачык саясат» гезитин сотко берээрин билдириптир. Гезитибиздин өткөн жумадагы чыгарылышына, «Галина Байтерек иштей албай жатат, ага караганда Анжелика иштесе мыкты иштемек хайп жаратып» — деп жазганбыз.
Галина айым редакцияга телефон чалып, «Менин иштей албай жатканымды, президенттин маалымат саясатын туура жүргүзө албай жатканымды далилдеп бергиле, мени кайдагы бир ырчы Анжеликага эмнеге теңейсиңер? Мен сонун эле иштеп жатам» дейт. Кечээги эле Үңкүр-тоо боюнча маселеде коомчулукка бүлүк салып, кыргыз-өзбек ортосундагы маалыматты туура эмес берип, Президентти коомчулук астында бир топ сынга кабылтканын эмне дейт болду экен ыя?!
Урматтуу достор! Пресс катчынын ишмердүүлүгүн коомчулукка салалы. Чын эле Галина айым Президентти маалымат катчысы катары жипке тизген шурудай кылып, деңгээлин көтөрүп койдубу? Оюңарды ортого салгылачы. Буга чейинки президенттердин пресс катчылары сындасак сыныбызды туура кабыл алып, эч бир журналист менен конфликтке барышчу эмес! Сын айтылат, жазылат! Айрыкча президенттин айланасы сын-пикирге даяр болуш керек! Желпилдеп жеңил болуп, журналисттер менен ызы-чуу болсо Президентке эле сөз тиет!
Мен Галина эже менен соттошууга даярмын!», — деп жазган ал.

Количество просмотров: 82