• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Султанбаев: Жер мунапысы тууралуу токтомдун 27-пункту алынып салынды

7 Жалган куран 2023 14:19 Бишкек Govori.TV

Президент Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 27-пункту алынып салынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды.

«Мамлекет башчысы ушул жылдын 5-мартында “Ак-Ордо” жаңы конушуна күтүүсүз барган. Жергиликтүү тургундар менен болгон сүйлөшүүдө Министрлер Кабинетинин аталган токтомунун 27-пункту жер амнистиясын толук ишке ашырууну бир топ татаалдаштырып жатканы белгилүү болгон.

Жаңы конушка барып келгенден кийин Мамлекет башчысы бул маселени тез арада чечип, башка аймактарда да жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды.

Ошону менен бирге бардык жергиликтүү бийлик башчыларына мындан ары жарандар тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууларына жол бербөө тапшырмасы берилди.

Президент Жапаров ар дайым, өзгөчө жарандардын турмушуна түздөн-түз тиешеси бар маселелерде, бюрократиялык процесстерди минималдаштыруу милдетин коюп келет.

Кечээ Мамлекет башчынын катышуусунда өткөн жумушчу кеңешмеде жер мунапысын ишке ашыруу боюнча канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн жана Сокулук районунун акимин кызматтан алуу чечими кабыл алынган.
Президенттин тапшырмасын аткарууну кечеңдеткен жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөт», -деп жазат ал.

Количество просмотров: 548