• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Президенттин Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусу

3 Бештин айы 2023 10:54 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештер!

3-декабрь – жашоо-турмушунда ар кандай себептерден улам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга арналган атайын күн.

Өлкөбүздө майыптыгы бар адамдардын укуктары чектелбейт, аларга урмат-сый жана түшүнүү менен мамиле жасалат. Себеби, элибиз каш-кабактын ортосундагы болуп кетүүчү кырсыкты болжоп болбойт деп, ошондой эле Жараткандын жазмышы деп тубаса дартты туура кабыл ала билген акылман эл. Тагдырдын жазмышына кабылган мындай жарандарга жардамын аябай кол сунган жоомарт эл. Бул улуу нарк, нагыз тарбия тээ байыркы бабаларыбыздан бери келаткан өзгөчөлүк, каныбызга сиңген мүнөз.

Ага жараша мамлекет дагы майыптуулугу бар жарандарына ар тараптуу тиешелүү социалдык колдоолорду көрсөтүү аракетин көрүп келет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү мекендештердин муктаждыктарын канааттандырууну, алардын укугун коргоону эң башкы милдеттердин бири деп билет.

Республика боюнча 211 650 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болсо, өкүнүчтүүсү алардын 37 миңден ашууну, тилекке каршы, балдар. Анткен менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбыз темирдей бекем эрки, кажыбас кайраты, оптимисттик көз карашы менен алдыга умтулуп, кайсы гана тармакта болбосун талыкпай эмгектенип, көптөгөн ийгиликтерди жаратып келе жаткандыгы кубандырат. Албетте, мындай адамдар – жалпы Кыргызстандын сыймыгы!

Бүгүнкү күндө майыптыгы бар жарандарыбыздын керектөөлөрүн эске алуу менен, алардын өлкөнүн социалдык, экономикалык жана саясий турмушуна катышуусун камсыздоо милдетин ишке ашыруу улантылууда. Аларга каралган социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн, социалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга, жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн максималдуу шарттарды камсыз кылууга багытталган аракеттер жасалууда. Ошону менен бирге жалпы коомчулукка майыптуулугу бар адамдар өлкөнүн толук кандуу жарандары деген аң-сезимди жайылтууну максат кылып келебиз.

Урматтуу кыргызстандыктар, бүгүнкү күнгө терең маани берүү менен баарыңыздарды жардамга муктаж жарандарыбызга мээримдүү, күйүмдүү, камкор, кайрымдуу жана карамдуу болууга чакырам.

Баарыбызга аманат болгон ден соолугубузга кам көрө билели. Жараткан бөөдө кырсыктан сырткары кылсын. Алдыга койгон ой-максаттарыӊыздар орундалып, жакын адамдарыӊыз менен жаркын жашоодо өмүр сүрүңүздөр!».

Количество просмотров: 94