Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эргешов Алтынбек Калдарович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Белгилей кетсек, Эргешов бул кызматка 2022-жылдын 4-июлунда дайындалган.
Ошондой эле бүгүн президенттин башка жарлыгы менен А.Эргешов Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды.