Улан Сатиев Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басары болду. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев Фейсбук баракчасына жазды.
«КТРКнын Байкоочу кеңешинин жыйынында көпчүлүк добуш менен Улан Сатиевди башкы директордун орун басарлыгына бекиттик. Аны куттуктап, ийгилик каалап коелу», — деп жазган Керимбаев.
Сатиев буга чейин президенттер Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаровдун оператору болуп эмгектенген.