• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президенттин тапшырмасы менен жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен балдар Бишкекке алынып келинет

3 Бугу 202418:44 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Жалал-Абад облусунда унаа сүзүп кеткен балдар атайын борт менен Бишкекке алынып келинет.

Абалы оор делген он бала туугандары менен чогуу Бишкектеги Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында болот. 

Мамлекет башчысы балдарды керектүү дары-дармектер менен камсыз кылууну жана медицина адистерине күнү-түнү кароону тапшырды.

Количество просмотров: 230