Бишкек шаардык соту бажыдагы коррупция иши боюнча шектүү катары кармалган Улан Жапаровдун баш коргоо чарасын карап, камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Маалыматка ылайык, шаардык сот мындай чечимди 20-июлда чыгарган.
Эске салсак, Улан Жапаров бажыдагы коррупциялык схемага катышкан деп шектелип кармалып, 26-июлга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган.