• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президенттин Венгрияга болгон сапары аяктады

21 Баш оона 202310:33 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун 20-августта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүнү талкуулады.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров ардактуу конок катары чет өлкөлөрдүн башка лидерлери менен бирге Венгриянын Улуттук башкы майрамын белгилөө иш-чараларына жана Будапешт шаарындагы Улуттук атлетикалык борбордо жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын эркектер арасындагы жарышынын финалына катышты.

Мамлекет башчысы Венгрияга болгон иш сапарын аяктап, 21-августта Бишкек шаарына кайтып келди.

Количество просмотров: 94