• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Президенттин жаңы жылдык куттоктоосу Баткенде тартылганы айтылды

1 Үчтүн айы 2023 18:51 Бишкек Govori.TV

Президенттин жаңы жылдык куттоктоосу Баткенде тартылган. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Президент Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда чек ара маселесин чечүүнү убада кылган. Ал сөзүнүн башында былтыркы Баткендеги чек ара чатагын эске салып, жаңы жылдык куттуктоосун дал ушул аймактан жолдоону туура көргөнүн билдирген.

Буга чейин Kaktus.media басылмасы президент жаңы жылдык куттуктоону Баткен шаарынын борборундагы тартылган видео фондо туруп жасашы мүмкүн экени жазган.

Эрбол Султанбаев басылма чыгарган маалымат туура эмес экенин айтып, жоопкерчиликке чакырган.

“Маалыматты тактабай туруп, ишенимдүү калп айтып, коомчулуктун башын айлантып жатасыздар. Силердин жалган маалыматка жарандардын бир бөлүгү ишенип алышы мүмкүн. Кыргызстан сөз эркиндиги бар өлкө. Тилекке каршы айрымдар ал эркиндикти кыянаттык менен пайдаланып, атайылап адаштырып, жоопкерчиликти унутта калтырууда”, — деп жазды Султанбаев.

Сайт Султанбаевдин билдирүүсүнөн кийин кабарды өчүрүп, окурмандарынан кечирим сурады.

Количество просмотров: 364