Президенттин “ЖМК жана журналистика жаатындагы КР президентинин жылдык сыйлыгын белгилөө жөнүндө” жарлыгына ылайык, сынакка эмгектерди кабыл алуу уланууда.
Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат. Жана бир катышуучу үч категориядан ашык эмес арыз бере алат.
Сынакка берилген материалдарга карата автордук жана чектеш укуктардын сакталышы үчүн жоопкерчилик толугу менен сыйлыкка арыз берген катышуучуларга жүктөлөт.
Материалдар үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 1-октябрына чейин жарыяланууга тийиш.
2024-жылы сынакка сунушталган иштер [email protected] электрондук дареги боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин электрондук түрдө кабыл алынат.
Сыйлыктын лауреаттарын жарыялоо Маалымат жана басма сөз күнүнө арналган расмий иш-чарада, бардык номинанттарды чакыруу менен салтанаттуу өткөрүлөт.
Номинациялар:
Эскерте кетсек, сынактык иштерди кабыл алуунун аякташына 7 күн калды.