• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Профсоюзчулар төрага Асанакуновдун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда

22 Бугу 2019 12:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.05.2019.Govori.TV.

22-май күнү, Профсоюз федерациясынын мүчөлөрү жана кызматкерлери жогорку соттун алдына нөшөрлөгөн жамгырга карабай, нааразычылык акциясына чыгышты.

Профсоюз кызматкерлери алардын төрагасы Мирбек Асанакуновду аталган кызмат ордуна мыйзамсыз жол менен келген дешүүдө. Бул маселе боюнча райондук жана шаардык соттко кайрылып, жеңип чыгышканына карабай, М.Асанакуновду убактылуу кызматтан бошотуу үчүн эч кандай чара көрүлбөгөнүн жашырышкан жок.

Белгилей кетсек, Асанакунов Мирбек Аскерович Профсоюз федерациясынын төрагалык кызматын 2017-жылдын январь айынан бери жетектеп келет.

Количество просмотров: 14