• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Профсоюзчулар ЖК көңүл бурбаса митингге чыгышаарын айтышты

19 Чын куран 201922:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 19-апрелде Кыргызстан профсоюздар федерациясында жазылган жаңы мыйзам туурасында басма сөз жыйыны өттү.
КПФнын төрагасынын орун басары Рысгүл Бабаева мөөнөтүнө жетпей 4 депутат тарабынан мыйзам кабыл алынып, 12-апрелде мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин сайтына илип койушканын, долбоорду сайттан чакырып алууну талап кылып жатышканын билдирди.

Профсоюздун укугу бузулса мекенибизде жалпы иштеп жаткан карапайым кызматкерлердин укугу бузуларын Айнура Омурова айтты.

Атайын экспертизасыз мыйзам туура эмес кабыл алынганын Токой өнөр жай союзунун төрагасы Канатбек Осмонов айтып, эгерде мыйзам туура кабыл алынса эки колун көтөрүп макул болмоктугун билдирди.

Мындан сырткары 23-апрелге отчет талап кылып жатышканын, аларга отчет берүүгө милдеттүү эместигин айтты. Ошону менен бирге кемчиликтери бар мыйзам долбоорун өткөрө турган болушса анда тынчтык митингге чыгышаарын билдирди.


Количество просмотров: 18