• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Прокуратура: «Кадастрдын» Кара-Суу филиалы 24 млн сомдук жерди мыйзамсыз менчикке каттаган

3 Жалган куран 2022 11:33 Бишкек Govori.TV

Ош областынын Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, аталган районго караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылында жайланышкан, муниципалдык менчиктеги 24 млн 592 миң 000 сомго бааланган, аянты 0,18 га жер тилкесине эч кандай укук аныктоочу документтери жок туруп, “Б.А.” аттуу жарандын жеке менчик укугун мыйзамсыз каттап, мамлекеттик акт берип жиберишкендиги тастыкталды.

Бул факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 173