• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Прокуратура кызматкери менен милиция кызматкеринин иши УКМКга өткөрүлдү

9 Бирдин айы 201911:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.02.2019.Govori.TV.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында милиция кызматкери тарабынан да, прокуратура кызматкерлери тарабынан да мыйзамсыз иш-аракеттер орун алганы аныкталган. Бул тууралуу маалымат Башкы прокуратуранын расмий сайтына жарыяланды.

2018-жылы 23-декабрда Балыкчы шаарында шаардык прокуратура кызматкерлери жол күзөт кызматынын кызматкери менен мушташып, милициянын сержанты шаардык ооруканага жаткырылган.

Окуя болгон күнү Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесине («Кызматтык укуктарынан аша чабуу») ылайык кылмыш иши козголгон. Азыр иш Ысык-Көл облусунун УКМК бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтене баштады.

Башкы прокурордун буйругу менен бул окуяга байланыштуу Балыкчы шаарынын прокурору, анын жардамчысы жана стажеру кызматтан алынган.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 14