• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Прокуратура мамлекеттик кызматкерлерге айып салды

9 Тогуздун айы 202411:02 Бишкек Govori.TV


КР прокуратура органдары 2024-жылдын 9 айында өлкөдөгү салык мыйзамдарынын аткарылышын текшерип чыгышкан. Тактап айтканда мамлекеттик жарандык кызматкерлер жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусу текшерилип, бир топ мыйзам бузууларды тапкан. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Текшерүү жыйынтыгы менен 2023-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган, белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшырган жана туура эмес маалыматтарды көрсөткөн жалпы 2 511 кызматкерлерге КР Укук бузуу кодексинин 438-беренесинин негизинде укук бузуу өндүрүштөрү козголуп, материалдар сот органдарына кароо үчүн жиберилген.

1 510 кызмат адамдарына жалпы суммасы 6 млн. 40 миң сомду түзгөн айып пул салынган. Калган кызматкерлердин иши кароодо.

Количество просмотров: 179