• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Прокуратура органдары баасы 23 млн. сомдон ашуун болгон жер тилкелерин мамлекетке кайтарды

25 Жалган куран 2021 13:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Бишкек шаарынын «Арча-Бешик» жаңы конушунда жайгашкан №93 орто мектебине таандык жер тилкеси жеке турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталып, анын жыйынтыгы менен мыйзам бузууну калыбына келтирүү үчүн жалпы базар баасы 23 334 120 сомду түзгөн 4 жер тилкелери мамлекеттин эсебине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын сайтында жазылат.

«Алсак, 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамынын талаптарын одоно бузуу менен, жогоруда белгиленген жер тилкелери мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткен.

Жер тилкелер «Арча-Бешик» жаңы конушунун тургундарынын социалдык жашоосун камсыз кылуу үчүн максаттуу багыты боюнча бала бакча курууга каралгандыктан, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык, жеке турак үй курууга мүмкүн эмес эле.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан жогоруда аталган жер тилкелерге мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу үчүн сот органдарына тийиштүү доо арыздар келтирилип, соттук кароолордун жыйынтыгы менен алар толук көлөмдө канааттандырылган», — деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын 24-мартында Ленин райондук прокуратурасынын талабынан негизинде жогоруда 4 жер тилке мэриянын балансына алынды.

Количество просмотров: 90