• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

“75чилердин каты” боюнча сот отуруму ачык өтмөй болду

11 Кулжа 202616:21 Бишкек Govori.TV

“75чилердин каты” деп таанылган иш боюнча соттук отурум ачык өтөт.

Мындай өтүнүчтү ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова келтирген.

Анын айтымында, мурда жарыяланган, мамлекеттик сырды түзбөгөн маалыматтар сот отурумдарында каралып жатат. Ошондуктан, иштин баарын жашыруун деп табуу негизсиз жана ачыктык принцибине каршы келет.

Сот жактоочу тараптын жүйөөлөрүн колдоп, өтүнүчтү канааттандырды.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, андан ары соттук териштирүүлөрдү ачык сотто өткөрүү күбөлөр үчүн мурда кабыл алынган коопсуздук чараларын жокко чыгарбайт.

«Күбөлөр «сот ишине катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик коргоого алуу иши улантат, анын ичинде алардын коопсуздугун камсыз кылууга, алар жөнүндөгү маалыматтын купуялуулугун сактоого жана алардын ким экендигин ачыкка чыгарбоого багытталган чаралар», — деп жазылат маалыматта.

Кийинки отурум 15-июнга белгиленди.

Количество просмотров: 30