• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Прокурор Мамыркулованы 8 жылга эркинен ажыратууну сурады

30 Кулжа 202512:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда журналист Канышай Мамыркулованын ишин кароо уланды.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдиргендей, прокурор журналистти сегиз жылга эркинен ажыратууну суранды. Отурумда тараптардын жарыш сөзү айтылып, кийинки отурум 3-июлга белгиленди.

Эске салсак, Канышай Мамыркулова 20-мартта кармалган. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандыктарга чакыруу» жана «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренелери боюнча айып тагылган.

Журналист мындай кинелерди четке кагып келет. Ал март айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Количество просмотров: 276