• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Прокурордун өлүмүнө шектүүнүн тарапташтары митингге чыгышты

26 Жетинин айы 2018 12:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.11.2018.Govori.TV.
Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүгө шектүү Мелис Калыковдун тарапташтары 26-ноябрда митингге чыгышты. Арасында Калыковдун апасы бар.
Маалыматка ылайык, жүздөн ашуун киши прокурор өлтүрүлгөн күнү аны менен аңчылыкка чыккан алты прокурор да жооп бериши керек деген талапты коюп жатышат.
Буга чейин шектүүнүн жакындары окуяга кылмыштуу топ аралашканын белгилеп, терең иликтенбей жатканын билдиришкен.
Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Мамажакыповдун өлүмү боюнча шектүү катары облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалып, эки айга камалган. Облустук прокуратурадагы алты кызматкер убактылуу иштен алынган.
Количество просмотров: 23