• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Психиатриялык мекемелерде бир бөлмөдө 10-14 бейтап жатат

25 Тогуздун айы 2018 11:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.10.2018.Govori.TV.

Былтыр 46 убактылуу кармоочу жай текшерилип, анда 48 сааттан көп кармалган жарандар бар экени аныкталды. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун башчысы Нурдин Сулайманов парламент жыйынында айтты.

Ошондой эле ал жайларда санитардык абал, жылуулук жана башка шарттар боюнча жылыштар бар экени, бирок видео-камералар менен камсыздоо маселеси тиешелүү укуктук-ченемдик актылардын талаптарына жооп бербей тургандыгы белгилүү болду.

Текшерилген 7 психиатриялык мекемедеги бир бөлмөдө 10-14төн бейтаптар жайгашкандыгы ачыкталган.
Бул жайларда психотерапия жоктугуна байланыштуу дары менен дарылоо жүзөгө ашырылат. Муну менен катар кыйноо фактыларынын саны көбөйүп жаткандыгы айтылды
Количество просмотров: 16