• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Психикасы жайында эмес жарандарга айдоочулук күбөлүк берүү боюнча 20 кылмыш иши козголду

31 Тогуздун айы 2018 13:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.10.2018.Govori.TV
Акыл эси жайында эмес, психикалык ооруу менен жабыркаган адамдарга айдоочулук күбөлүктүн мыйзамсыз берилгени боюнча фактылар көп катталган. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Башкы прокуратуранын өкүлү Чыңгыз Айдаров айтты.
Айдаровдун айтымында, машина айдоо укугунан сот аркылуу ажыратылган, психикасы жабыркаган жарандар арасында 20 кылмыш иши козголуп,учурда иликтенип иликтенип жатат.
Жол коопсуздугун камсыздоо органындагы мыйзам бузуу боюнча жыл башынан бери 108 кызматкер тартип жазасына тартылган. Жолго байланыштуу 229 кылмыштагы иш сотто каралып, 35 адам эркинен ажыратылды.
Количество просмотров: 23