• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Путин 6-декабрда чет өлкөлүк сапарга чыгат

6 Бештин айы 2023 9:06 Бишкек Govori.TV

Орусия президенти Владимир Путин 6-декабрда Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттарына барат. Анын эртеси Москвага кайтып, Иран президенти менен жолугат.

Кремль 5-декбарда кабарлагандай, жолугушууларда эки тараптуу мамилелер жана палестин-израил жаңжалы талкууланат. Москва мунай рыногундагы маселелер да “ар дайым күн тартибинде” турганын билдирди.

Ушул жылдын март айында Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен Балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камоо жөнүндө ордер чыгарган. Аларга негизинен украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып кеткенине байланыштуу айып коюлган.

Ордер берилгенге чейин деле Путин чет өлкөлүк сапарларга көп чыкпаса да, андан бери саякатын кыскартты.

Количество просмотров: 119