• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Путин Бээжиндеги кышкы Олимп оюндарына барат

17 Аяк оона 2021 9:39 Бишкек Govori.TV

Орусия президенти Владимир Путин 2022-жылы Бээжинде өтө турган кышкы Олимпиадага катышуу боюнча Кытайдын чакыруусун кабыл алды. Бул тууралуу Орусия ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдирди.

Лавровдун айтымында, Кытайдын башчысы Си Циньпин Путинди Олимп оюндарына телефондук сүйлөшүү учурунда чакырган.

2020-жылы Спорттук арбитраждык сот (CAS) орус жетекчилигине, анын ичинде президентке жакынкы эки жылда Олимпиадага жана дүйнө чемпионатына катышууга тыюу салган. Бул чечим Орусия спортундагы допинг чырына байланыштуу кабыл алынган. Мындан тышкары арбитраж эки жыл бою орус спортчуларынын эл аралык мелдештерге катышуусуна да тыюу салган. Гимндин аткарылышына да бөгөт коюлган. Орус спортундагы кызытма жаңжалы бир нече жылдан бери уланууда. Кремль допинг программасы мамлекеттик деңгээлде болгонун четке кагып келет.

Количество просмотров: 89