Кремль Орусия президенти Владимир Путин коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн кабарлады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.
«Путин коронавируска эмделди. Өзүн жакшы сезип жатат. Ал үчүн эртең кадимкидей эле толук жумушчу күнү болот»,-деп билдирген басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Путин кайсы вакцина менен эмделери жөнүндө так айтылган жок. Анын маалымат катчысы Дмитрий Песков президенттин Орусияда жасалган ата мекендик үч вакцинанын бири менен эмделерин буга чейин айткан.