• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бүгүн эл аралык «кыздар» күнү

11 Тогуздун айы 2018 9:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.10.2018.Govori.TV

Бүгүн Кыргызстандын булуң-бурчунда кыздардын укугу каралып, ар кандай иш-чаралар өтөт. Анткени, 11-октябрь «кыздар» күнү. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева “Мекендештер” форумунда мигрант кыздардын көйгөйлөрү боюнча каңырык түтөткөн фактыларга таянып,доклад окуган эле.

Ал бүгүн кыздардын Эл аралык күнүнө карата, ордолуу Ошко сапар тартып жатканын жеке баракчаларына илди. Ал Ошко “Кыздын кадыры” аттуу иш-чарасын өткөрүү үчүн сапар тартты.

 

 

Бул күндүн тарыхына кайрылсак, 2011-жылы 11-октябрда БУУнун генералдык ассамблеясы тарабынан кыздардын укуктарын коргоо максатында Эл аралык кыздардын күнүн майрам катары белгилөө  сунушталган.

 

 

 

Количество просмотров: 108