• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Путин Хабиб Нурмагомедов менен жолугат

27 Тогуздун айы 2020 16:39 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин мушкер Хабиб Нурмагомедов менен жолугат. Бул тууралуу «РИА Новости» Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен жазды.

Маалыматка ылайык, Владимир Путин телефон аркылуу Хабиб Нурмагомедовду беттештеги жеңиши менен куттуктаган. Путин Хабиб эс алгандан кийин жана эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин жолугарын айткан.

Эскерте кетсек, 24-октябрда Абу-Дабидеги «Мушкерлер аралы» аренасында өткөн UFC 254 мелдешинин башкы кармашында Хабиб Нурмагомедов америкалык Жастин Гэтжини утуп, жеңил салмактагы чемпиондук наамын коргоп, карьерасын жыйынтыктаганын билдирген. Нурмагомедов жалпы 29 беттеш өткөрүп, эч кимден жеңилген эмес.

Количество просмотров: 163