Россиянын президенти Владимир Путин «Спутник V» вакцинасы менен эмделгенин ачыктады.
«Мен «Спутник V» менен эмдөөдөн өтүүнү чечкем. Бизде Куралдуу күчтөр дагы ушул вакцина менен эмделип жатат, а мен башкы командачымын», — деди Путин.
Анын айтымында, вакцинанын биринчи дозасын алгандан кийин эч нерсе сезген эмес. 4 сааттан кийин гана укол сайылган жерде кичине сезгенүү пайда болгон.
«Экинчи дозаны күндүз саат 12де алгам. Түнкү саат он экиде дене табымды текшердим, 37,2 болчу. Уктап турсам 36.6 экен. Бүттү», — деди Путин.
Ушул кезге чейин Россиянын президенти кайсы вакцина менен эмделгенин айткан эмес.