• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Путин Коопсуздук кеңеши менен Кыргызстандагы кырдаалды талкуулады

10 Тогуздун айы 202012:59 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңеши менен Кыргызстандагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу «Известия» жазды.

Маалыматка караганда, Путин мындан аркы башаламандыкты алдын алуу үчүн Кыргызстандагы абалдын жөнгө салынышы керектигин билдирип, аны кеңешменин катышуучулары колдогон.

«Кагылышууну алдын алуу үчүн Кыргызстанда абалдын жөнгө салынышы маанилүү. Чындап эле азыр Кыргызстанда хаостун белгилери ачык байкалып турат», — деп билдирген Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков

Количество просмотров: 10254