Орусиянын президенти Владимир Путин «Орусия Федерациясы жана Кыргыз Республикасы ортосунда аба чабуулунан коргонуу боюнча биргелешкен аймактык система түзүү үчүн Кыргызстан тарап менен макулдашуу жөнүндө» буйрукка кол койду.
Буйрук укуктук маалымат порталына жарыяланды. Бул сунуш Россия өкмөтүнөн түшкөнү айтылат.
Документте Орусия Коргоо министрлигине жана Тышкы иштер министрлигине Кыргызстан тарап менен сүйлөшүү тапшырмасы берилген.