• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Путин: Кыргызстанда бийлик алмашуунун башаламандык менен коштолуусу адаттагыдай көрүнүш

17 Бештин айы 202019:46 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти мындай пикирин бүгүн, 17-декабрда салттуу басма сөз жыйынында билдирди. Журналист Путинден Кыргызстандагы, Молдовадагы жана Беларустагы кырдаал тууралуу сурап, ал союздаштарын жоготуп алуудан чочубайбы деген маселеге кызыккан.

«Бул сиз айткандай «орто жаштагы кризис» эмес. Кыргызстанда бийлик алмашуу дайыма башаламандык менен коштолот. Дайыма ички саясий турмушун айрым Батыш өлкөлөрүнүн бычымына ылайыктоого аракеттенип алдыга чуркашат. Бирок Кыргызстанда саясий түшүнүктүн деңгээли, саясий институттардын өнүгүшү маселен, Франциядагыдай же Германиядагыдай эмес да. КМШ өлкөлөрүндө болуп жаткан көрүнүштөр – бул өз жолун издөө аракети», — деди Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин 17-декабрда жыл аягында болуучу салттуу басма сөз жыйынын өткөрдү. Жыйынга президент Путин өзүнүн шаар сыртындагы резиденциясынан онлайн байланышты. Журналисттер Москвадагы Дүйнөлүк соода борборуна жайгашып, Путинге видео байланыш аркылуу суроо беришти. Бул COVID-19 пандемиясына байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар экени кабарланды.

Количество просмотров: 1533