• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Путин кыргызстандыктарды Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

6 Бугу 2023 15:49 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путиндин президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын расмий сайтында маалымдалат.

«Сизди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Орусияда жана Кыргызстанда согуш талааларында баскынчыларга каршы тайманбастык менен салгылашкан аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын даңктуу эрдиктери, курмандыктары, ооруктагы талыкпаган эмгектери жөнүндөгү эскерүүлөр ыйык тутулат. Улуу Жеңиштин жалпы руханий мурасы бүгүнкү күндө мамлекеттерибиздин ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү үчүн ишенимдүү негиз бойдон калып жатканы маанилүү», — деп айтылган Путиндин куттуктоосунда.

Владимир Путин өлкөдө жашап жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун бардык ардагерлерине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорун жана терең ыраазычылык сөздөрүн айтып, аларга чың ден соолук, жакшы маанай жана узун өмүр каалады.

Количество просмотров: 92