• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Путин Кыргызстанга келет

26 Аяк оона 202317:34 Бишкек Govori.TV

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен октябрь айынын ортосунда Кыргызстандан жолуга турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Лукашенко дүйшөмбү күнү Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып, төмөндөгүлөргө токтолгон.

«Мен кечээ Орусиянын президенти менен сүйлөштүм. Биз эки долбоор боюнча макулдаштык. Ал эми 15-октябрда биз Кыргызстанда жолугабыз жана бул тууралуу кеңири сүйлөшөбүз», — деди ал.

Кошумчалай кетсек, октябрь айында Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтөт.

Количество просмотров: 161