• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Путин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен марттын аягында келет

23 Үчтүн айы 2019 18:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.01.2019. Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанда өтө турган мамлекеттик сапары март айына белгиленди. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, орус лидерин кыргыз-орус мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүктү илгерилетүү, достукту бекемдөө менен катар экономикалык долбоорлорду алга жылдыруу максатында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков чакырган.

Маалыматка караганда, мамлекеттик визиттин алкагында бир катар иш-чаралар болжолдонгон. Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын отуруму, эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн 500 өкүлү катышкан аймак аралык конференция өткөрүлөт. Мындан сырткары биринчи жолу Кыргызстандын жана Орусиянын окуу жайларынын ректорлорунун форуму өтөт. Анын жыйынтыгында бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Путиндин Бишкек сапарында онго жакын документке кол коюлары күтүлүп жатканын маалымдаган.

2019-жылдын 3-4-февралында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргызстанга расмий визити күтүлүп жатат. Анда Владимир Путиндин Кыргызстанга жасалчу мамлекеттик визити талкууланат.

Владимир Путин акыркы жолу Кыргызстанга 2017-жылдын 28-февралында расмий сапар менен келген.

Количество просмотров: 11