• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Путин мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барды 

27 Бугу 20249:25 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин майдын башындагы инаугурациясынан кийинки экинчи мамлекеттик сапарынын алкагында Өзбекстанга барды. Ташкент аэропортунда аны Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Эл аралык иликтөөчүлөр Өзбекстан санкциялык товарларды Орусияга реэкспорт кылып жаткан негизги өлкөлөрдүн бири экенин айтып келишет. Орусиянын монополиялык «Газпром» компаниясы 2023-жылдан тарта Өзбекстанга газ жеткире баштаган. Бүгүнкү күндө Москва Ташкенттин негизги соода өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда. Бул көрсөткүч боюнча Орусия Кытайдан кийинки экинчи орунда турат.

Путин менен Мирзиёев акыркы жолу 9-майда Москвада жолугушкан. Анда өзбек президентинин басма сөз кызматы сүйлөшүүнүн жүрүшүндө «стратегиялык өнөктөштүктү» бекемдөө жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланганын билдирген.

Мирзиёев Кызыл аянттагы быйылкы аскердик парадга Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге катышкан.

Теги:
Количество просмотров: 87